“Акча” долбоору

Форматы жана мазмуну боюнча уникалдуу “Акча” долбоору соңуна чыгып баратат. Ал SECO атынан Швейцария Өкмөтү каржылаган Борбор Азиядагы Каржылык Инклюзивдүүлүк боюнча Борбор – Азиялык Долбоордун (IFC) алкагында иштелип чыккан.
«Акча» командасы зериктирме үгүт-насаатка умтулган жок, толугу менен кыргыз тилиндеги “көңүлүн көтөргөнчө окут” деген стратегияны тандады.
Еdutainment форматы 2020-жылы өткөрүлгөн “Социалдык нормалар” изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тандалып алынды. Анда элдин каржылык көз карандысыздыкка жетишине терс таасирин тийгизген тоскоолдуктар аныкталган эле.
Көрсө, көпчүлүк акчага карата мамилесин өзгөртүүгө даяр экен, бирок “жалгыз мен ушундай пикирдемин” деген ой менен той-аштарга ашыкча чыгым кылып, “модага же коомдук нормаларга шайкеш болом” деп кымбат нерселерди сатып алышары, дагы башка финансылык каталарга жол беришери белгилүү болду.
Жогоруда белгиленген изилдөөлөрдөн алынган маалыматтарга таянуу менен, биз сиздерге төмөндөгүдөй долбоорлорду сунуштай алдык:
● Бүт өлкө талкуулаган “Акча” сериалы:
● «Акча-Маек» — жаңы форматтагы маданий-массалык иш чаралар. Акчага байланыштуу өз окуяларын белгилүү спикерлер жана катардагы адамдар айтып беришти:
● Максаттарыбыздан оңой эле баш тартып, башкаларды ээрчип кетме адатыбызды көрсөткөн социалдык эксперимент:
● “Көрүнбөгөн тоскоолдуктар” — жаштар үчүн социалдык кампания:
Ар бир видеороликке, сериалга, иш чарага негиз салган идеяларыбыз көрармандын кызыгуусун жаратып, көңүлүнөн түнөк тапканы үчүн кубанычтабыз жана сыймыктанабыз.
“Акча” кампаниясы 2 миллиондон ашык кишини камтыды. Сериалыбызды 1 миллион адам көрүп үлгүрдү.
Материалдардын баары расмий сайтыбызга чогултулган: www.akcha.asia
Кампаниянын өнөктөштөрү – Финка, Компаньон, Бакай Банк, KICB, DosCredobank`ка ыраазылык билдиребиз.
Эсиңизде болсун! «АКЧА – ЧАЧПА! ТАКТА! САКТА!» – ар бирибиздин каржылык туруктуулугубуз жана бакубаттыгыбыз үчүн эң жөнөкөй үч кадам.
WhatsApp
Telegram
Facebook
Twitter