Финансылык саламаттыкты баалоо

Урматтуу колдонуучу, бул сурамжылоодо (финансылык саламаттыкты баалоо Financial Health Network ™ инструменти) биз сизге үй-чарбаңыз жөнүндө 8 суроо беребиз. Ал суроолорго чын жооп бергениңиз сизге өзүңүздүн финансылык абалыңызды баалоого жана финансылык абалыңыздын кайсы жактарына көңүл бурушуңуз керек экенин түшүнүүгө жардам берет.

Суроолорго жооп берип жатканда,төмөнкү учурларды эске алууңузду суранабыз:

– «Үй чарбасына» сиз жана сиз менен чогуу жашап, жалпы бюджетке акчалай салым кошуп жаткан башка адамдар кирет.
– Эгер сиз жалгыз жашасаңыз же башка бирөөнү үй чарбаңыздын мүчөсү деп эсептебесеңиз, анда сураныч, бул суроолорго жеке адам катары жооп бериңиз.

Бул өзүң-өзү баалоо тестине катышуу үчүн алгач бул сайтка
Катталуу же Кирүү керек

Financial Health Network инструменти (финансылык саламаттыкты баалоо) — бул адамдардын финансылык абалын дароо билүүгө мүмкүндүк берүүчү жөнөкөй жана колдонууга ыңгайлуу ресурс. Financial Health Network — бул финансылык саламаттык маселелери боюнча алдыңкы беделдүү тармак. Financial Health Network бул бизнес лидерлери, саясатчылар жана новаторлор үчүн ишенимдүү ресурс, аларды кардарлардын, кызматкерлердин жана уюмдардын финансылык саламаттыгын жакшыртууозуйпасы бириктирип турат. 

Ошондой эле, бардык адамдардын финансылык саламаттыгын жакшыртууну колдоо максатында изилдөөлөр, кеңеш берүү кызматтары, баалоо инструменттери жана тармактар аралык кызматташуу аркылуу бул мекеме маалымдуулукту, түшүнүүнү жана текшерилген эң мыкты тажрыйбаларды жогорулатып турат. Financial Health Network жөнүндө кененирээк маалыматты www.finhealthnetwork.org веб-сайтынан алсаңыз болот.